Лейлек районунун акими алмашты
14 август

Лейлек районунун акими алмашты

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине ылайык Жеңишбек Асылбек Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.

Ал эми президент кол койгон башка тескемеге ылайык, Канымет Осмонбеков Баткен облусунун Лейлек районунун акими кызматынан бошотулду.