Ноокен районунун Сакалды айылында жакында оорукана ишке берилет
14 апрель

Ноокен районунун Сакалды айылында жакында оорукана ишке берилет

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Сакалды айылында 79 миллион сомго жаңы заманбап оорукана салынды.

Курулуш министрлигинен кабарлашкандай, учурда эмеректер орнотулуп, айланасын көрктөндүрүү иштер аткарылууда.

Долбоор мамлекеттик казынадан ишке ашылырып, аянты 1172 чарчы метрди түзгөн, эки кабаттуу имарат курулду.

Анда терапия, педиатрия, төрөт үйү болуп, медициналык жабдуулар менен камсыздалат.

Эски оорукана 1963- жылдары курулуп, миңдеген бейтаптарга кызмат кылып келет.