Кыргызстанда киберкоопсуздуктун абалы кандай? ИИМдин жообу
Кыргызстанда киберкоопсуздук маселеси акыркы жылдары актуалдуу болууда. Бирок бул жаатта дагы деле көптөгөн маселелер бар. КР Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматына таянсак, коомдун киберкоопсуздук боюнча маалымдуулугу төмөн. Балдар жана өспүрүмдөр көп учурда коркунучтарды түшүнүшпөйт. Мамлекеттик деңгээлде стратегиялык документтер бар болгону менен, атайын окуу программалары, кадыр-барктуу адистер, жана коомдук мобилизация жетишсиз.
Кыргызстандагы мыйзамдар жана саясаттар
Кыргызстанда бир нече мыйзамдар кабыл алынган, алардын эң маанилүүсү:
209-1-берене. Электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык активдер капчыгын жана SIM-картаны үчүнчү жактарга атайылап өткөрүп берүү же сатуу
1-бөлүк.
Банк кардары жана башка банктык кызмат көрсөткөн адамдар, виртуалдык активдер боюнча кызмат көрсөтүүчү жактар, байланыш операторунун абоненти тарабынан электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык капчыкты жана SIM-картаны үчүнчү жактарга атайылап өткөрүп берүүсү же сатышы, ошол эле учурда бул каражаттарга жетүү жана аларды башкаруу мүмкүнчүлүгүн берип, үчүнчү жактардын көрсөтмөсү жана кызыкчылыгы үчүн мыйзамсыз аракеттерди жасоо максатында колдонулушу, зыяндын майда өлчөмүнө алып келсе — 200дөн 500гө чейин эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынат.
2-бөлүк.
Ушул эле жорукту төмөнкү шарттар менен жасоо:
- Олуттуу көлөмдө зыян келтирүү менен;
- Топ адам тарабынан;
- Алдын ала сүйлөшкөн адамдар тобу тарабынан жасалса –
Эки айдан бир жылга чейин оңдоо жумуштарына тартуу,
же 500дөн 1000гө чейин эсептик көрсөткүчтө айып пул,
же үч жылга чейин эркинен ажыратуу жазасына тартылат.
3-бөлүк.
Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жосундар:
- Ири өлчөмдөгү зыян келтирүү менен;
- Кызматтык абалын пайдалануу менен жасалса — 1000ден 2000гө чейин эсептик көрсөткүчтө айып пул, же үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.
4-бөлүк.
Ушул берененин 1, 2 же 3-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн жосундар:
- Өтө ири өлчөмдө зыян келтирүү менен;
- Уюшкан топ тарабынан;
- Кылмыштуу уюшма курамында жасалса — беш жылдан он жылга чейин эркинен ажыратуу, мүлкүн конфискациялоо, айрым кызматтарда иштөө же белгилүү бир ишмердүүлүк менен алектенүү укугунан үч жылга чейин ажыратуу жазасы колдонулат.
Ошондой эле «Маалыматты коргоо жөнүндө» мыйзам, «Электрондук башкаруу жөнүндө» мыйзам, 2023–2026-жылдарга карата Киберкоопсуздук концепциясы.
