Ошто "Тазалык" ишканасынын кызматкери жол кырсыгынан мерт кетти
Ошто Toyota Ipsum үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу "Тазалык" ишканасынын кызматкерин сүзүп кетти. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан кабарлашты.
Окуя 2026-жылдын 19-марта А. Мамыров көчөсүндөгү “Асан-Үсөн” дүкөнүнүн алдындагы болгон. Кырсык тууралуу милицияга Ош шаарынын ооруканасынан билдиришкен.
Аталган маалымат Ош ШИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.
Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, тийиштүү протоколдор толтуруп алынган.
Каза болгон аял 1959-жылы туулган Араван районунун Гүлбаар айылынын тургуну Батма Мадмарова экендиги аныкталды. Ал 2025-жылдын сентябрынан тартып “Ош-Тазалык” ишканасында иштеп жаткан.
Маркумдун сөөгүнө соттук-медициналык экспертизасы дайындалган.
Кырсыкка шектүү делген Toyota Ipsum унаасынын 1998-жылкы К. уулу Ш. аттуу айдоочусу кармалган. Ал Бишкек шаарынын тургуну. Шектүү наркологиялык экспертизадан өткөрүлүп, Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына алып келинген.
Ал окуя боюнча асфальт үстүндө тайгаланып кетип, автоунаасы менен жолдун четиндеги арыкка сыйгаланып барып тротуарда иштеп жаткан “Ош-Тазалык” ишканасынын формасын кийген адамды сүзүп алганын билдирген.
Учурда текшерүү иши боюнча соттук-экспертизалар дайындалып, шектүүнүн көрсөтмөлөрү текшерилүүдө. Окуяга күбө атуулдар суралууда.
Айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
