Бишкекте мамлекеттик органдар үчүн киберкоопсуздук боюнча семинар өткөрүлдү
10 июль

Бишкекте мамлекеттик органдар үчүн киберкоопсуздук боюнча семинар өткөрүлдү

Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги «Мамлекеттик сектордогу киберкоопсуздук» темасында практикалык багыттагы семинар өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын санариптик өнүктүрүүгө жооптуу жетекчилердин орун басарлары катышышты.

Семинар Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсесинин жана Kaspersky компаниясынын колдоосу менен уюштурулду.

Семинарда төмөнкү маселелер талкууланды:
— заманбап киберкоркунучтар жана коргонуу ыкмалары;
— мамлекеттик системаларга болгон чабуулдарда жасалма интеллекттин ролу;
— кибергигиена жана IT-инфраструктуранын туруктуулугу боюнча практикалар.

Практикалык бөлүгүндө катышуучулар Kaspersky тарабынан уюштурулган киберчабуулдун симуляциясынан өтүштү — чектелген ресурстар шартында жаралган кырдаалдарга жооп кайтаруу боюнча командалык оюн ойношту.