Аламүдүн районунда жаңы көпүрөлөр курулат
Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Азамат Осмонов жумушчу сапар менен Аламүдүн районунун Ленин айылындагы эки көпүрөнүн абалын текшерди.
Сапардын учурунда Набережная көчөсүндөгү «ЗЖБИ» көпүрөсү менен Алматы көчөсүндөгү (эски жол) «Гидро» көпүрөсүнүн техникалык абалы изилденди. Өзгөчө көңүл коопсуздук маселелерине жана транспорттук инфраструктураны модернизациялоо зарылдыгына бурулду.
Текшерүүдөн кийин жаңы көпүрөлөрдү куруу чечими кабыл алынды. Курулуш иштери ушул жылы башталышы пландалууда. Бул долбоордун ишке ашуусу район тургундары үчүн транспорттук байланышты коопсуз жана үзгүлтүксүз камсыз кылууга шарт түзөт.
Осмонов инфраструктураны өнүктүрүү жана калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү иштердин приоритеттүү багыттарынын бири экенин белгиледи.
