Таласта сувенир катары жасалган акчалар сатыктан алынууда
Таласта сувенир акчалар сатыктан алынууда, деп кабарлайт облустук милициянын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери Улуттук банктын Талас облусундагы башкармалыгынын башчысынын орун басары Аскарбек Исмаилов менен биргеликте Талас шаарындагы базарда, соода түйүндөрүндө сувенир катары жасалган акчалар боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
«Сатыкта турган сувенир акчалардын өлчөмү чыныгы акчалар менен бирдей болгондуктан, карапайым адамдар алданып калуу кооптуулугу бар экендиги жеткирилди. Мындан ары дагы сувенир акчалар сатыла турган болсо КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 304-беренесинин негизинде жеке жактарга 5 миң 500, юридикалык жактарга 17 миң сом өлчөмүндө айып пул салынары эскертилди», – деп айтылат маалыматта.
Жүргүзүлгөн профилактикалык иштердин натыйжасында 1000, 2000, 5000 сом, 100 АКШ доллары жана 500 евро өлчөмүндөгү бир нече сувенир катары жасалган акчалар сатыктан алынды.
Эскертүү. Эгерде сүрөттөлүшү өтө чоңойтулган (150 пайыздан кем эмес) же өтө кичирейтилген (50 пайыздан аз) масштабда, ошондой эле жарык менен берилүүчү жарнама түрүндө берилсе, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий уруксаты жок Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын банкноталарынын (тыйындарынын) сүрөттөлүшүн бир же бир нече түстөрдө көчүрүп чыгарууга жол берилет.
