Таластагы Шумкар-Уя айыл аймагына 26 видеокамера коюлду
Талас районунун ички иштер бөлүмү тарабынан берилген сунуштун негизинде Шумкар-Уя айыл өкмөтү тарабынан 26 видеокөзөмөл камералары орнотулду. Бул тууралуу "Караван инфого" облустук милициядан кабарлашты.
Алар төмөндөгүдөй тартипте жайгаштырылган:
- 5 мектепте 12 видеокамера;
- 2 бала бакчада 4 видеокамера;
- 4 мечитте 8 видеокамера;
- Айыл өкмөттүн имаратында, калкты тейлөө борборунда 2 видеокамера.
Орнотулган видеокамералар адамды жүзүнөн таанууга, 360 градуска айланууга ылайыкташып, Талас ОИИБдин Санарип кырдаал борборуна туташтырылган.
Натыйжада нөөмөттө турган кызматкерлер тарабынан Шумкар-Уя айыл аймагы 24 сат бою көзөмөлгө алынат.
