Кыргызстанда күн сайын 100дөн ашык кылмыш катталат
026-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстанда 19 миң 24 кылмыш катталган. Ошентип, өлкөдө күн сайын орточо эсеп менен 105ке жакын кылмыш фактысы катталган.
2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кылмыштардын саны 9,7%га же 1 миң 683 учурга көбөйгөн.
Алты ай ичинде 2 миң 760 оор жана өзгөчө оор кылмыш катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 9,1%га көп. Алар жалпы кылмыштардын 14,5%ын түзгөн.
Кылмыштардын негизги бөлүгүн менчикке каршы кылмыштар түзгөн. Жарым жыл ичинде мындай 13 миң 331 учур катталган, бул жалпы кылмыштардын 70%дан ашыгын түзөт.
Мындан тышкары, 2 миң 296 кылмыш коомдук жайларда жасалган. Алардын арасында көбүнчө уурулук, бейбаштык жана тоноочулук фактылары катталган.
Маалыматтар Кыргызстандын Улуттук статистика комитети тарабынан Башкы прокуратуранын маалыматынын негизинде келтирилди.
