Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгы белгиленди
Коргоо министрлиги
27 июль

Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгы белгиленди

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институтунда бүгүн, 27-июлда КР Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгы белгиленди.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-майор Руслан Мукамбетов, Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн өздүк курамы жана ардагерлери, ошондой эле чакырылган коноктор катышты.

Салтанаттуу иш-чара Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңырышы жана белгиленген мамлекеттик жана аскердик каада-салттардын аткарылышы менен башталды.

Андан соң катышуучуларга Абадан коргонуу күчтөрүнүн түзүлүү тарыхы, калыптануу жолу жана бүгүнкү күндөгү өнүгүүсү тууралуу даректүү тасма көрсөтүлдү.

Коргоо министри генерал-майор Руслан Мукамбетов өздүк курамды жана ардагерлерди мааракелик дата менен куттуктады. Ал өз сөзүндө акыркы жыйырма жыл ичинде Абадан кол салуудан коргоо күчтөрү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн  күжүрмөн даярдыктагы түзүмдөрүнүн бирине айланып, мамлекеттин аскердик коопсуздугун камсыздоо жана өлкөнүн аба мейкиндигин ишенимдүү коргоо боюнча милдеттерди татыктуу аткарып келе жатканын белгиледи.

Куттуктоо сөзү менен ошондой эле Абадан коргонуу күчтөрүнүн колбашчысы генерал-майор Талантбек Талипов аскер бөлүктөрүнүн өздүк курамы күжүрмөн даярдыктын деңгээлин ырааттуу жогорулатып жатканын жана өз багыты боюнча коюлган милдеттерди өз убагында жана сапаттуу аткарууга дайыма даяр экенин белгиледи.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө өзгөчөлөнгөн аскер кызматчыларына жана ардагерлерге Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин ведомстволук сыйлыктары тапшырылды.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Улукбек Карыбек уулу, Абадан коргонуу күчтөрүнүн мурдагы колбашчысы — запастагы полковниктер Олег Попиков жана Эркин Осмонов куттуктады.

Салтанаттуу жыйын Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Борбордук армия үйүнүн чыгармачыл тобунун майрамдык концерти менен жыйынтыкталды.