Калнур Ормушев "Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду" мекемесинин директору болуп дайындалды
Ормушев Калнур Келдибекович "Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду" мекемесинин директору болуп дайындалды.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров ведомствонун борбордук аппаратынын кызматкерлерине жаңы жетекчини расмий тааныштырды.
Жолугушуунун жүрүшүндө министр Калнур Келдибековичти кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын бай кесиптик тажрыйбасын жана Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө кошкон салымын белгиледи.
