Сагыз, дрон жана насвай: «Бишкек Аренага» алып кирүүгө тыюу салынган буюмдар
Сүрөт ачык булактардан алынды
31 август

Сагыз, дрон жана насвай: «Бишкек Аренага» алып кирүүгө тыюу салынган буюмдар

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинин өткөрүлүшүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги көрүүчүлөргө «Бишкек Арена» стадионуна кирүүдө белгиленген эрежелерди сактоо зарылдыгын эскертет.

Стадиондун аймагына төмөнкү буюмдарды алып кирүүгө тыюу салынат:

тамак-аш жана суусундуктарды;

  • тамеки жана никотин камтыган буюмдарды, анын ичинде IQOS түзүлүштөрүн, электрондук тамекилерди жана насвайды;
  • сагызды;
  • айнек бөтөлкөлөрдү, банкаларды жана башка катуу же сынуучу идиштерди;
  • көлөмдүү баштыктарды, рюкзактарды жана чемодандарды;
  • курал-жарактарды жана сайып-кесүүчү буюмдарды;
  • пиротехникалык каражаттарды;
  • аэрозолдук жана газ баллондорун;
  • дрондорду;
  • кесипкөй фото жана видеоаппаратураларды;
  • радиостанцияларды жана жогорку жыштыктагы байланыш жабдууларын;
  • музыкалык аспаптарды, ышкырыктарды жана мегафондорду;
  • объекттин аймагына алып кирүүгө тыюу салынган башка буюмдарды жана заттарды.

Стадионго кирүүдө көзөмөл жана текшерүү жүргүзүлөт.

Ички иштер министрлиги көрүүчүлөргө баштык (сумка) жана рюкзактарынын ичиндегилерди алдын ала текшерип, стадионго өз убагында эртерээк келүүнү жана коопсуздукту камсыз кылган кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарын сактоону сунуштайт.

Белгиленген эрежелерди сактоо VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинин коопсуз жана уюшкандыкта өтүшүн камсыз кылууга шарт түзөт.