Балыкчы – Кочкор унаа жолу 5-марттан 5-майга чейин маал-маалы менен жабылат. Себеби 
5 март

Балыкчы – Кочкор унаа жолу 5-марттан 5-майга чейин маал-маалы менен жабылат. Себеби 

Балыкчы – Кочкор унаа жолунун 40-43-чакырым аралыгы (тагыраагы Кубакы ашуусунун бурулушуна чейинки бөлүгү) 5-марттан 5-майга чейин маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, жол курулуп жаткан жаңы темир жолдун 37-40-чакырымдарында бургулоо-жардыруу иштерине байланыштуу жабылат.

Аталган тилке дүйшөмбү, шаршемби, жума күндөрү саат 08:00дөн–17:30га чейин жабык болот.

Мындан улам министрлик айдоочулардан убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, алдын ала альтернативдүү жолду пландап алууга чакырат.