Бишкекте адистештирилген Гепатологиялык борбордун курулушу башталды
Саламаттык сактоо министрлиги
31 август

Бишкекте адистештирилген Гепатологиялык борбордун курулушу башталды

Бишкек шаарында 29-августта Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын аймагында болочок Гепатологиялык борбордун пайдубалына мезгил кутусун салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Г.К. Аалиев, «Ильшат» коомдук фондунун негиздөөчүсү Анвар Маметов жана башка расмий өкүлдөр катышты.

Гепатологиялык борбордун курулушу «Ильшат» коомдук фондунун колдоосу менен ишке ашырылып, Кыргыз Республикасында боор оорулары менен жабыркаган бейтаптарга адистештирилген медициналык жардам көрсөтүүнү өнүктүрүүгө багытталган.

Гепатологиялык борбордун заманбап төрт кабаттуу имаратын куруу пландалууда. Борбор «ачкыч тапшыруу» принциби боюнча керектүү медициналык жабдуулар, диагностикалык жана дарылоо аппараттары, ошондой эле катуу жана жумшак инвентарлар менен толук камсыздалат.

Борбордун түзүлүшү боор оорулары менен жабыркаган бейтаптарга адистештирилген жардам көрсөтүүнүн бирдиктүү жана комплекстүү системасын түзүүгө мүмкүндүк берет. Ал ооруну эрте аныктоодон жана тереңдетилген диагностикадан тартып, дарылоо, диспансердик көзөмөл жана андан кийинки медициналык коштоого чейинки бардык этаптарды камтыйт.

«Бүгүн биз боор ооруларын аныктоо жана дарылоо жаатында саламаттык сактоо системабыздын мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтүүгө багытталган жаңы адистештирилген медициналык мекеменин пайдубалын түптөп жатабыз. Биз үчүн бейтап ооруну аныктоодон жана так диагноз коюудан тартып, дарылоо, көзөмөлдөө жана зарыл болгон учурда трансплантацияга даярдоого чейинки ар бир этапта өз убагында жана сапаттуу медициналык жардам алуусу маанилүү. Мындай борбордун түзүлүшү — биринчи кезекте жарандарыбыздын ден соолугуна жана жашоо сапатына салынган инвестиция», — деп белгиледи саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов.

Келечектеги Гепатологиялык борбордо боор ооруларын диагностикалоонун заманбап ыкмаларын киргизүү пландалууда. Диагностикалык мүмкүнчүлүктөргө боорду фибросканерлөө, эксперттик класстагы ультраүндүк изилдөөлөр, эндоскопиялык диагностика, компьютердик томография, боордун биопсиясы, заманбап биохимиялык жана иммунологиялык изилдөөлөр, ошондой эле молекулярдык-генетикалык жана ПЦР-диагностика кирет.

Заманбап жабдуулар бейтаптардын абалын комплекстүү баалоого, боордун фиброзун жана циррозун өз убагында аныктоого, оор кесепеттердин өнүгүү тобокелдиктерин баалоого жана андан аркы дарылоонун оптималдуу тактикасын тандоого мүмкүндүк берет.

Борбордун ишмердигиндеги маанилүү багыттардын бири — өнөкөт вирустук гепатиттери жана боордун башка оорулары бар бейтаптардын бирдиктүү электрондук реестрин түзүү жана жүргүзүү болот. Бул диспансердик көзөмөлдү системалаштырууга, жүргүзүлүп жаткан дарылоонун натыйжалуулугун көзөмөлдөөгө, оорулардын күчөп кетишин өз убагында аныктоого жана адистештирилген медициналык жардамды пландаштыруу үчүн ишенимдүү маалыматтарды топтоого мүмкүндүк берет.

Өзүнчө багыт боорду трансплантациялоого муктаж болгон бейтаптар менен иштөөгө байланыштуу болот. Борбордо бейтаптарды комплекстүү текшерүүдөн өткөрүү жана трансплантацияга даярдоо, тиешелүү реестрди жүргүзүү, ошондой эле трансплантациядан кийинки медициналык көзөмөл жана реабилитациялык коштоо каралган.

Гепатологиялык борбордун ишмердигинин маанилүү бөлүгү кадрдык потенциалды өнүктүрүү болот. Дарыгерлерди жана орто медициналык персоналды адистештирип окутуу жана квалификациясын жогорулатуу, заманбап клиникалык ыкмаларды киргизүү, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү алдыңкы медициналык жана илимий мекемелер менен кызматташтыкты өнүктүрүү пландалууда.

Ошондой эле Борбордун базасында вирустук гепатиттер, цирроз жана боордун башка өнөкөт оорулары боюнча илимий-изилдөө иштерин өнүктүрүү каралган.