Эмил Чакибаев Ноокат районунун акими болуп дайындалды
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине ылайык Чакибаев Эмиль Акжолтоевич Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
