Кайыңды шаарында мамлекеттик архивинин жаңы имаратынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматынын төрагасы Н. Базарбаева, Архив кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жетекчилиги жана аймактын тургундары катышты.
Учурда Панфилов райондук мамлекеттик архивинде 1938–2020-жылдарды камтыган 20 миңден ашык сактоо бирдиги сакталууда. Архив сактоочу жайлары 99 пайызга толгон, ал эми азыркы имарат заманбап талаптарга жооп бербейт.
Жаңы эки кабаттуу архив комплекси 653,2 чарчы метр аянттагы жер тилкесине курулууда. Курулуш иштерин 2026-жылдын ноябрь айында аяктап, пайдаланууга берүү пландалууда.
Жаңы архив комплексинин пайдаланууга берилиши архивдик документтердин ишенимдүү сакталышын камсыздап, аймактын тарыхый мурасын сактоого жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.
