Борбордук милициянын Кылмыш иликтөө башкармалыгы тарабынан “Мал уурулук – Веткөзөмөл” профилактикалык иш-чарасы өткөрүлдү
17 июнь

Борбордук милициянын Кылмыш иликтөө башкармалыгы тарабынан “Мал уурулук – Веткөзөмөл” профилактикалык иш-чарасы өткөрүлдү

Бишкек шаарынын аймагында мал уурулукту алдын алуу жана ага бөгөт коюу максатында, Борбордук милициянын Кылмыш иликтөө башкармалыгы тарабынан МККБ жана Бишкек шаардык Ветеринардык башкармалык менен биргеликте “Мал уурулук – Веткөзөмөл” аттуу алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында, шаардагы эт сатылган базарларда, мал базарларда, мал союучу жайларда, эт азыктарын иштеткен цехтерде жана мал ташыган автоунаалар текшерүүгө алынды. Айрыкча идентификациядан өтпөгөн жана ветеринардык уруксат кагаздары жок мал жандыктары боюнча көзөмөл күчөтүлдү.

Мындан сырткары, мал жандыктарын ташыган, саткан жана кайра иштетүү менен алектенген ишкерлер менен Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдары, тактап айтканда, малды каттоо, ташуу жана сатуудагы мыйзамдуу талаптар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.