Кызыл-Кыя шаарында төрт объекттин курулушу жүрүүдө
Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталып, республикалык бюджеттен бөлүнгөн 500 млн сомдун эсебинен 2024-жылы Кызыл-Кыя шаарында үч долбоор ишке ашкан. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, учурда шаарда төрт объекттин курулушу жүрүүдө. Алар:
- “Дʏң соода комплексин” курууга 39,7 млн сом каржыланып, негизинен коммуналдык чарба иштери жүрдү.
- “Муниципалдык мейманкананын” курулушуна 23,8 млн сом каржыланган. Натыйжада бир жыйындар залы жана 15 бөлмөлүү имараттын курулушу жүрүүдө.
- Шаар аймагына 17,6 млн сомго эки “Үй бүлɵлүк дарыгерлер тобунун” имараттары курулууда.
Жалпы 81,3 млн сом каржыланган объекттерде курулуш иштери уланууда.
