Ноокат районунда уюлдук телефондорду уурдоого шектелген жарандар кармалышты
2026-жылдын 19-июнь күнү Ноокат РИИБге 1994-жылы туулган Н.У.,арыз менен кайрылган. Анда Ноокат шаарындагы дүкөндөрдүн биринде белгисиз жарандар дүкөндүн эшигин бузуп киришип, 48 уюлдук телефондорун уурдап кеткендигин билдирген.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен кылмыш иши козголгон.
Жабырлануучуга 10477000 (бир миллион төрт жүз кырк жети) миң сом өлчөмүндөгү зыян келтирилген.
Ноокат РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында жана “Коопсуз өлкө” долборунун алкагында орнотулган видеокөзөмөл камералары аркылуу кылмышка шектүү катары 1998-жылы туулган А.Х.,жана 1999-жылы туулган С.М., аттуу жарандар кылмыштын изи сууй электе кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бар же жогу такталууда. Тергөө амалдары улантылууда.
