Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
Мамлекет башчысынын сөзү:
“Урматтуу мекендештер!
Кымбаттуу кыргызстандыктар!
Сиздерди эң башкы улуттук майрамыбыз — Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 35 жылдыгы менен чын дилимден куттуктаймын!
Бүгүн — ар бир кыргызстандык башын бийик көтөрүп, көкүрөгү кубанычка толуп, “Мен эгемен Кыргыз мамлекетинин жаранымын!” деп сыймыктана турган, атуулдук ар-намысты туу тутуп, улуттук биримдикти даңазалаган улуу күн!
Кыргызстандын эгемендиги — эчендеген кылымдарды карытып, тар жол, тайгак кечүүлөрдөн өткөн, ошол эле маалда бир кездерде дүйнөнү дүңгүрөткөн улуу дөөлөттөрүбүздөн калган баа жеткис ыйык мурас. Эркиндик, элдүүлүк үчүн “кыргыз” атын кылымдар бою өчүрбөй сактап келген ата-бабаларыбыздын төгүлгөн каны, кыйылган жаны биздин эсибизде түбөлүккө сакталат.
Ошол эле учурда “Көз карандысыздык декларациясын” кабыл алуу тагдыры буюрган “легендарлуу парламенттин” салымы да өлкө тарыхына алтын тамгалар менен жазылып калды.
Мына ошол ата-бабалардан бизге калган улуу мурас — келечек муундарга өткөрүү ыйык аманат, өзгөчө жооптуу милдет жана ар бир жарандын атуулдук карызы.
Кымбаттуу замандаштар!
Бүгүн жаңы дем менен жаңы багыт алган өлкөбүз, нарк-насилдүү, кең пейилдүү кутман элибиз бар, экономикабыз өрүш алууда. Эл аралык эң абыройлуу Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин убактылуу мүчөлүгүнө шайланууда жүздөн ашуун өлкөнүн ишеничине ээ болгон жаңы Кыргызстанды андан ары чыңдоо жолундабыз.
Быйылкы тарыхый шарт, Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 35 жылдыгы ата-бабаларыбыздан калган улуу көчмөн цивилизациясынын мурасын дүйнөгө даңазалаган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылышы менен коштолгону турат. Ошону менен бирге улуттук майрамыбызга дүйнөнүн ири мамлекеттеринин лидерлерин жана бийик даражалуу делегацияларын бириктирген Шанхай кызматташтык уюмунун 25 жылдык тарыхый мааракесине арналган Саммит да туш келди. Мындан сырткары, өлкөбүздүн атын даңазалоочу “Ырыс-Ордо”, “Бишкек-Арена” стадиону сыяктуу ири долбоорлор ишке ашып, Көз карандысыздык күнүнө карата эң сонун белек болду.
Бүгүн жалпы Кыргызстан аймагында Эгемендиктин 35 жылдыгына карата майрамдык иш-чаралар өткөрүлүп, ал эми буга чейин ар жылы ар башка облуста өткөрүү салт болуп келгендей, Эгемендигибизди бийик деңгээлде майрамдоо быйыл Айкөл Манас атабыз жердеген Талас облусунда жыйынтыкталат.
Кадырлуу калайык-калк!
Эгемендигибизди чыңдоо менен катар, Кыргызстандын эл аралык майдандагы кадыр-баркын, беделин арттыруучу глобалдык иш-чараларды колдоп-коштоп, урагыс биримдигибизди көрсөтүүдө улуттук аң-сезими бийик атуулдарыбыздын орду баа жеткис.
Мамлекеттин күч-кубаты — анын жарандарынын интеллектуалдык даражасында жана моралдык тазалыгында. “Мен кыргыз жаранымын, Мен кыргызстандыкмын!” деп сыймыктанган ар бир адам жоопкерчиликтүү аң-сезим менен өлкөбүздүн алдыга жылышы, коомчулуктун сабаттуулугу жана жаңычылдыкка умтулуусу үчүн күрөшсө, анда мамлекетибиздин өнүгүүсү мындан да ыкчамдайт.
Биз өзөгүбүздү тааныткан уңгужолубузду улантып, кайсы гана тармакта болбосун, маданияттын бийик үлгүсүн көрсөтүү менен мамлекетибизди чыңдоого милдеттүүбүз. Аны ар бир кылган ишибиз, таза эмгегибиз, билимге болгон умтулуубуз жана ынтымагыбыз менен бекемдешибиз кажет. Биздин башка Мекенибиз жок, Кыргызстан — биздин жалгыз үмүтүбүз жана түбөлүк куттуу жайыбыз!
Эгемендигибиздин, эркиндигибиздин кадырына жете билип, улуттук сыймыгыбызды ыйык туталы.
Ар бир кыргызстандыктын жүрөгүндө Ата Мекенге болгон сүйүү, сыймыктануу сезими жалындай берсин!
Муундан-муунга өтүп келаткан эркиндигибиз түбөлүк болсун!
Эгемендик майрамыңыздар кут болсун!”
