Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкерлери батир уурулукка шектүүнү кармашты
2025-жылдын 11-сентябрь күнү Бишкек шаарынын Октябрь РИИБге Ч.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда белгисиз адамдарга карата мыйзамдуу чара көрүүнү өтүнгөн. Себеби, көрсөтүлгөн күнү Бишкек шаарынын Арашан көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринен, баасы 224 миң сом болгон алтын зер буюмдарын жашыруун түрдө уурдап, белгисиз тарапка качып кеткен.
Аталган факт Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Октябрь РИИБдин тергөө аракеттери жана ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан мурда соттолгон жана пробациялык көзөмөлдө турган, 1999-жылы туулган жаран Ш.Т. аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Азыркы учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.
