Ленин районунда Бердибаев көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери аяктады
27 июль

Ленин районунда Бердибаев көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери аяктады

Ленин районунда Бердибаев көчөсүнүн Асылкеч көчөсүнөн Арча-Бешик көчөсүнө чейинки 370 метрлик бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери толугу менен аяктады. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Капиталдык оңдоонун жүрүшүндө жолго жаңы асфальт-бетон төшөлүп, жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүсү үчүн тротуарлар курулду. Ошондой эле жаан-чачын жана кардын эриген сууларын натыйжалуу агызууга багытталган заманбап ирригациялык тармак орнотулду.

Оңдоо иштери «СУ-4 Кара-Балта» ЖЧКсы тарабынан белгиленген мөөнөттө жана сапаттын колдонуудагы талаптарына ылайык аткарылды.