Депутат Багдаддагы абактарда кармалып жаткан 40тан ашуун аялды Кыргызстанга кайтарууну суранууда
4 июль

Депутат Багдаддагы абактарда кармалып жаткан 40тан ашуун аялды Кыргызстанга кайтарууну суранууда

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев кайрадан Багдаддагы абактарда кармалып жаткан кыргызстандык аялдардын маселесин көтөрдү.

Анын айтымында, кеп 41 аял тууралуу болуп жатат.

Эл өкүлү белгилегендей, алардын көбү күйөөлөрүнүн артынан Иракка кетип, учурда 7-8 жылдан бери абакта кармалып келишет.

Бекешев бул маселе боюнча президентке жана Башкы прокуратурага кайрылуу жолдогонун билдирди. Ал соттолгон жарандарды өткөрүп берүү боюнча келишим түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгып, кыргызстандык аялдарды мекенине кайтаруу маселесин чечүүнү суранган.

Бирок депутаттын айтымында, Башкы прокуратура мындай кадам улуттук коопсуздук маселелерине каршы келерин билдирген.

Бекешев бул жүйөгө макул эмес. Анын айтымында, бул аялдар Кыргызстандын жарандары, ал эми алардын балдары Кыргызстанда жашап жатышат.

«Булар биздин эле жарандар. Ооба, жаңылыштык кетиришкен. Бирок алар террорист же экстремист эмес. Алар күйөөлөрүнүн артынан эле барышкан», – деди депутат.

Анын айтымында, Конституцияга ылайык, Кыргызстан өз жарандарынын укуктарын коргоп, аларды мекенине кайтаруунун мүмкүнчүлүктөрүн издөөгө милдеттүү.

Депутат ошондой эле башка мамлекеттик органдардан жана жооптуу кызмат адамдарынан жооп күтүп жатканын, мындан ары да бул маселенин чечилиши үчүн аракетин улантарын кошумчалады.