Кыргызстанда 2024-жылы электрондук документ жүргүртүүдөн 1,2 млрд сом үнөмдөлгөн
10 июль

Кыргызстанда 2024-жылы электрондук документ жүргүртүүдөн 1,2 млрд сом үнөмдөлгөн

Кыргызстанда 2024-жылы электрондук документ жүргүртүүдөн 1,2 млрд сом үнөмдөлгөн. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди. 

Анын айтымына караганда, президенттин администрациясы жана мамлекеттик органдар кагаздын ордуна электрондук документ жүгүртүүгө өтүштү. Бул чечимдерди кабыл алууда тез, ыңгайлуу жана экологияга зыянсыз.

«Мурун документтер үчүн тонналаган кагаздар керектелчү. Азыр электрондук документ менен иштеп жатабыз. Бул кагазга караганда ар бир документке 30 мүнөткө чейин убакыт үнөмдөйт жана чыгымдарды 90%га кыскартат. 2024-жылдын өзүндө эле мамлекет электрондук документ жүргүзүүдөн 1 миллиард 205 миллион сомдон ашык үнөмдөгөн», – деди ал. 

Орунбеков электрондук документ жүргүзүүнүн дагы бир артыкчылыгы – жетекчилик тараптан көзөмөл күчөй тургандыгын кошумчалалы. 

«Ким жумушту кечиктирип жатат, ким документти кармап турат – баары системада көрүнүп турат. Мурдагыдай документтер папкага салынып, айлап столдун үстүндө кала бербейт, бюрократия да азаят», – деди президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы.