Талдык ашуусунда туннелдин курулушу эмки жылы башталат
Талдык ашуусунда туннелдин курулушу эмки жылы башталат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда аталган стратегиялык долбоорду ишке ашыруу боюнча тиешелүү даярдык жана уюштуруу иштери жүргүзүлүп жатат.
Ош – Сары-Таш –Эркечтам эл аралык маанидеги унаа жолунун Талдык ашуусунда курула турган туннелдин узундугу болжол менен 3,2 чакырымды түзөт.
Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев жана министр Талантбек Солтобаев Ош облусундагы стратегиялык мааниге ээ болгон бир катар жол жана инфраструктуралык объектилердин абалы менен жеринде таанышууда долбоорду ишке ашыруу иштери талкууланды.
Мындан тышкары, Бакыт Төрөбаев жана Талантбек Солтобаев Гүлчө шаарындагы Алымбек датка көчөсүнүн 3,7 чакырымдык бөлүгүн жана Ылай-Талаа – Гүлчө унаа жолунун 54 чакырымдык бөлүгүн реконструкциялоо боюнча иштердин жүрүшү менен таанышты. Бул объектилерде курулуш иштерин сапаттуу жана белгиленген мөөнөттөрдө жүргүзүүгө өзгөчө басым жасалды.
Ошондой эле Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолун куруу жана реконструкциялоо маселеси да каралды.
Иш сапардын жыйынтыгында объектилердеги иштерди тездетүү, курулуштун сапатын камсыз кылуу жана белгиленген мөөнөттөрдү сактоо боюнча бир катар тиешелүү тапшырмалар берилди.
