Кыргызстанда баңгизаттарга каршы масштабдуу «Баңги трафик» рейди өттү
2026-жылдын 14-августунан 17-августуна чейин Кыргыз Республикасынын аймагында Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан «Баңги трафик» аталышындагы ыкчам-алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты баңгизат колдонуу менен автоунаа башкарган айдоочуларды аныктоо, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, сактоого жана ташууга байланышкан мыйзам бузууларды аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө байланыштуу кылмыштардын жана укук бузуулардын алдын алууга багытталган.
Иш-чарада Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан 1 баңги кылмышы жана 4 укук бузуу аныкталды.
Мындан тышкары, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана мас абалында транспорт каражаттарын башкарууга жол бербөө багытында тиешелүү иштер жүргүзүлдү.
Жалпысынан 3167 автоунаа текшерилип, жол кыймылынын коопсуздугу жаатында 1081 укук бузуу аныкталды.
Анын ичинен:
-баңгизаттык мас абалында транспорт каражатын башкарган 7 айдоочу;
-алкоголдук мас абалында транспорт каражатын башкарган 38 айдоочу аныкталган.
Аталган фактылар боюнча мыйзам талаптарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлүп, укук бузуулар жөнүндө протоколдор толтурулган.
Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө бөгөт коюу, алардын таралышынын алдын алуу, ошондой эле жол кыймылынын жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу багытындагы ыкчам-алдын алуу иш-чаралары мындан ары да улантылат.
