Ажылык – 2025: Зыяратчылар үчүн 5 миң форма даяр болду
21 февраль

Ажылык – 2025: Зыяратчылар үчүн 5 миң форма даяр болду

Кыргызстан мусулмандар Дин башкармалыгынын алдындагы 2025-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча штабдын жетекчиси Жолдошбек ажы Абдылдаев баштаган штаб өкүлдөрү болочок ажылардын формаларын тигүүчү ЖЧК «Тайган Коллекшн» фирмасын зыярат кылышты. 

Муфтияттан кабарлашкандай, зыяраттын жүрүшүндө формалардын сапаты, бычымы, тигилиши жана материалына көңүл бурулду.

«Быйылкы жылы формабыз өзгөчө болуп жатат. Ыңгайлуу материалдар тандалып, улуттук колорит чагылдырылып жатат. Учурда 5000 форма даяр», – деди УРШ башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанга 2025-жылкы ажылык үчүн 6060 квота берилген.