$250 миң түзгөн 15 унааны алып кеткен. Бишкекте алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды
Бишкек ШИИББ
14 апрель

$250 миң түзгөн 15 унааны алып кеткен. Бишкекте алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды

Бишкекте автоунааларды сатууга байланышкан алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 27-ноябрында Бишкек шаарынын Ленин районунун ИИБна А.Т. аттуу жаран жазуу жүзүндө арыз менен кайрылган.

Анын айтымында, жаран М.Б. ишенимден кыянаттык менен пайдаланып, Гагарин көчөсүндө жайгашкан автоунаа салондорунун биринде кыска мөөнөттүү карыз алуу шылтоосу менен, кийин акчасын кайтарып берем деп убада берип, жалпы баасы 250 000 АКШ долларын түзгөн 15 автоунааны алып кеткен. Бирок ал өз милдеттенмелерин аткарбай, изин жашырып кеткен.

Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Ленин районунун ИИБгы тарабынан Б.М. аттуу жаранга карата издөө иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын ИИББнын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн 1974-жылы туулган Б.М. кармалды. Ал Кыргыз Республикасынын ЖПКсынын 96-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча, ошондой эле кармалган жаран ушул сыяктуу башка фактыларга катышы бар же жок экенин текшерүү максатында ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Эгерде сиз аталган жарандын аракеттеринен жабыр тарткан болсоңуз же анын кылмыштары тууралуу кандайдыр бир маалыматыңыз болсо, жакынкы милиция бөлүмүнө кайрылууну же 102 номуруна чалууну өтүнөбүз.