Адылбек Касымалиев биринчи расмий сапары менен Казакстанга барат
Үстүбүздөгү жылдын 24-25-февралында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Минкаб төрагасы болуп дайындалгандан бери биринчи расмий сапары менен Астана шаарына (Казакстан Республикасы) барат.
Адылбек Касымалиев расмий сапарында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, ошондой эле Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов менен жолугуп эки тараптуу кызматташуу маселелерин кенен сүйлөшөт.
Мындан тышкары сапардын жүрүшүндө "Казакстан Гарыш Сапары" Улуттук космос борбору, Казакстандын Санариптик өкмөтүнүн кеңсеси сыяктуу бир катар объекттердин ишмердүүлүгү менен таанышып сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
