Жалал-Абадда Ата Мекенди коргоочулар күнү белгиленди
21 февраль

Жалал-Абадда Ата Мекенди коргоочулар күнү белгиленди

23-фераль-Ата Мекенди коргоо күнүнө карата Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрында майрамдык иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Салтанаттуу иш-чарада Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова Ата Мекенди коргоочуларды майрамы менен куттуктап, күч түзүмдөрүндө эмгектенген бир катар кызматкерлерге Ардак грамоталарды тапшырды.

Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Жаныш Раимжанов, Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Каныбек Маманов, аскер кызматкерлери, ардагерлер жана шаар тургундары катышты.