Бишкектин үч районунда 17-сентябрда суу жок болот
16 сентябрь

Бишкектин үч районунда 17-сентябрда суу жок болот

Бишкектин үч районунда 17-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин таза суу жок болот, деп билдирет мэриянын маалымат кызматы. 

Билдирүүгө ылайык, "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы «Контррезервуар» суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүнү пландоодо.

Бул иштердин алкагында Алтын-Ордо, Кара-Жыгач жана Полиция шаарчасына таза суу берүү убактылуу токтотулат.

Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектешет: Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол линиясы.

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.