Шашылыш билдирүү! Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө
29 январь

Шашылыш билдирүү! Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө

Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү коркунучу күтүлүүдө, деп кабарлайт ӨКМдин басма сөз кызматы. 

Кыргызгидромет кызматынын 2025-жылдын 30-январынан 1-февралына чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-50,74-90-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусуна;

Мырзаке – Кара-Кулжа –Алайкуу унаа жолунун 60-110-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.