Ташиев: жакында Эсептөө палатасынын айрым инспекторлорун камайбыз
10 июль

Ташиев: жакында Эсептөө палатасынын айрым инспекторлорун камайбыз

Минитсрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 9-июлда Ош шаарында өткөн жыйында өлкө региондорунда иштеген Эсептөө палатасынын бир нече кызматкери кармаларын билдирди. 

Анын айтымына караганда, Эсептөө палатасынын Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы айрым инспекторлору туруктуу түрдө пара алышат. 

Ташиев жыйын учурунда Эсептөө палатасынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык жетекчиси Азим Кожомуратовго кайрылып, мындай деди: 

"Сиздин кол алдынызда иштегендер кайсыл жерге барбасын сөзсүз акча алышат. Ушуну тыйыш керек. Факты бар, жакынкы күндөрү аларды кармайбыз", - деп баса белгиледи ал.