Оштогу Амир-Тимур көчөсүндө лотоктор орнотулууда 
21 февраль

Оштогу Амир-Тимур көчөсүндө лотоктор орнотулууда 

Ош шаарынын Мамыров, Көкүмбий жана Амир-Тимур көчөлөрүнүн боюндагы жолдорду оңдоп-түзөө иштери жанданды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, Амир-Тимур көчөсүн бойлой жолдун эки тарабына арык тармактарын орнотуу иштери жүрүп жатат. Ошол эле учурда Мамыров жана Көкүмбий көчөлөрүндөгү эски, талапка жооп бербеген тротуарлар жана лотоктор алынууда.

Лотоктор орнотулгандан кийин, белгиленген мөөнөткө ылайык, мында тротуарларды жана жолдорду куруу иштери жүргүзүлө баштайт.