КР жана РФнын Эмгек министрлигинин жетекчилери биргеликте жалпы маселелерди талкуулашты
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жетекчиси Равшанбек Сабиров Россияга болгон иш сапарынын жүрүшүндө Россия Федерациясындагы Эмгек жана иш менен камсыз кылуу боюнча Федералдык кызматынын жетекчиси М. Ю. Иванков менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө эмгекти коргоо, өндүрүштөгү кырсыктардан камсыздандыруу, коопсуздук стандарттарын иштеп чыгуу, ошондой эле эмгек шарттарын жакшыртуу жаатында эмгекти илимий уюштуруу маселелери талкууланды.
Өз кезегинде министр Р. А.Сабиров россиялык кесиптешине КР президенти Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген "социалдык контракт" программасы жана жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү, социалдык колдоону күчөтүү жана республиканын эмгек рыногуна жарандарды интеграциялоо каралган Эмгек министрлиги ишке ашырып жаткандыгы жөнүндө айтып берди.
"Тез өзгөрүп жаткан эмгек рыногу жана жумушчулар менен иш берүүчүлөр туш болгон жаңы чакырыктар менен биздин жалпы милдетибиз-бул тармакта туруктуулукту жана өнүгүүнү камсыз кылууга жардам бере турган натыйжалуу чечимдерди табуу", - деп белгиледи министр өз сөзүндө.
