Оштун тургуну психотроптук заттарды мыйзамсыз сатууга шектелип кармалды
КР ИИМ
22 июнь

Оштун тургуну психотроптук заттарды мыйзамсыз сатууга шектелип кармалды

Оштун тургуну психотроптук заттарды мыйзамсыз сатууга шектелип кармалды, деп билдирет КР ИИМдин басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, КР ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында Ош шаарында психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан кылмыштын бети ачылды.

Жүргүзүлгөн тергөө ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө көзөмөлдөнүүгө тийиш болгон психотроптук заттарды дарыгердин тиешелүү рецептисиз мыйзамсыз сатып жүргөн 2001-жылы туулган Х.Ш.С. аттуу жаран кармалды.

Шектүүнүн жашаган жерине жүргүзүлгөн кечиктирилгис тинтүү учурунда психотроптук таасирге ээ болгон «Р» жана «Т» аталышындагы дары-дармектер табылып, алынган.

Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.