Кыргызстанга заманбап трансформаторлордун алгачкы партиясы келди
19 август

Кыргызстанга заманбап трансформаторлордун алгачкы партиясы келди

Энергетика тармагын жаңылоонун алкагында бөлүштүрүүчү электр тармактары үчүн заманбап өлчөөчү трансформаторлордун биринчи партиясы жеткирилди. 

Жабдуулар «Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү» (МУРЭС) долбоорунун 2-компоненти – «Бөлүштүрүүчү тармакты санариптештирүү» багытынын алкагында сатып алынууда.

Бул максатта «АльянсСпецТех» ЖЧКсы  менен жалпы 41 млн 640 миң сомдук келишим түзүлгөн. Келишим боюнча 90 комплект өлчөөчү трансформатор жеткирилет.

Ушу тапта келген биринчи партиянын жалпы наркы 13 млн 638 миң сомду түзүп, анда 10 жана 35 кВ чыңалуудагы заманбап ток жана чыңалуу трансформаторлору бар.

Жаңы жабдуулар электр тармактарындагы параметрлерди так өлчөөгө, релелик коргоо жана автоматика системаларынын ишенимдүү иштешине, ошондой эле электр менен камсыздоонун коопсуздугун жана туруктуулугун жогорулатууга шарт түзөт.

Өлчөөчү трансформаторлорду жаңылоо — электр тармагын жөн гана техникалык жактан жабдуу эмес, энергосистеманы заманбап башкарууга жана санариптик технологияларды кеңири киргизүүгө багытталган маанилүү кадам.

МУРЭС долбоорунун алкагында жабдууларды жаңылоо жана бөлүштүрүүчү тармактарды санариптештирүү боюнча иштер мындан ары да улантылат.