Бишкекте дагы бир бөбөк көп кабаттуу үйдөн кулап каза болду
Бишкекте дагы бир бөбөк көп кабаттуу үйдөн кулап каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.
Кырсык бүгүн, 16-мартта борбор калаадагы 6-кичирайонендагы үйлөрдүн биринде болгон. Анда алты жаштагы кыз 6-кабаттан кулап кеткен. Бөбөк оор жараат алып, ооруканага жеткирилген, бирок дарыгерлердин аракетине карабастан үзүлүп кеткен.
Окуя боюнча тиешелүү териштирүү иштери башталып, керектүү экспертизалар дайындалды. Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.
