Зарина Молдокулова «Түндүк» мекемесинин директору болду
21 февраль

Зарина Молдокулова «Түндүк» мекемесинин директору болду

Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Түндүк» мамлекеттик мекемесинин директору болуп Зарина Молдокулова дайындалды. 

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы кол койгон.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинен кабарлашкандай, Зарина Молдокулова буга чейин аталган мекеменин директорунун орун басары кызматын аркалап келген.