Бишкекте темир жолчулар үчүн турак жай курула баштады
10 июль

Бишкекте темир жолчулар үчүн турак жай курула баштады

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев 10-июлда Бишкекте “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясынын кызматкерлери үчүн курула турган көп кабаттуу үйдүн мезгил кутучасын салды.

Курулуш Лев Толстой көчөсү 120 дарегинде жүргүзүлөт.

Ар бири 19 кабаттуу үч блоктон турган комплексте жалпысынан 285 батир болот. Турак жай бардык шарттар менен камсыздалат:

  • унаа токтотуучу жай,
  • спорт жана балдар аянтчалары,
  • жылуулук борбору.

Бул долбоор президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен ишке ашууда.