Бишкекте ШКУ чек ара кызматтарынын жетекчилеринин отуруму өтүүдө
10 июль

Бишкекте ШКУ чек ара кызматтарынын жетекчилеринин отуруму өтүүдө

Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин компетенттүү органдарынын чек ара кызматтарынын жетекчилеринин 11-жыйыны өтүүдө.

Иш-чарага Беларусь Республикасынын, Индия Республикасынын, Иран Ислам Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Пакистан Ислам Республикасынын жана ШКУнун Аймактык антитеррордук түзүмдүн Аткаруу комитетинин, ошондой эле КМШнын тиешелүү өнөктөш түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышууда.

Делегациялардын башчыларын Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары – Чек ара кызматынын директору, генерал-майор Абдикарим Алимбаев тосуп алды.

Күн тартибинде ШКУга мүчө мамлекеттердин мамлекеттик чек араларындагы кырдаалды талкуулоо; «Тилектештик – 2024» биргелешкен чек ара операциясынын жыйынтыктары, ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын чек ара кызматтарынын ортосундагы кызматташтыкты активдештирүү боюнча чаралар талкууланды.

Отурумду министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев ачты.

Иш-чаранын катышуучуларын куттуктап, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-полковник К. Ташиев ШКУ түзүлгөндөн бери Евразия аймагында коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоодо эффективдуу уюм экенин баса белгиледи.

Ал ШКУга мүчө-мамлекеттердин чек ара ведомстволорунун жетекчилеринин чек ара коопсуздугун камсыздоо боюнча бирдиктүү ыкмаларды иштеп чыгууга багытталган иштерин өзгөчө баса белгилеп өттү.

Ташиев Кыргыз Республикасынын ШКУнун алкагындагы өзгөчө ролун белгиледи:

"Кыргыз Республикасы Евразиянын так борборунда жайгашып, тышкы чек аралары жок ШКУдагы жалгыз мүчө мамлекет. Бул бизге бардык катышуучулар, анын ичинде биздин байкоочулар үчүн бириктирүүчү жана бейтарап аянтча болууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет. Биз диалогду тереңдетүү жана «Шанхай рухунда» кызматташтыкты бекемдөө үчүн бардык шарттарды камсыз кылууга даярбыз".