Чүй облусунда батир сатууга байланыштуу алдамчылыкка шектүү жаран кармалды
19 декабрь

Чүй облусунда батир сатууга байланыштуу алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

2025-жылдын 11-декабрында Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө 1995-жылы туулган С.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Н. аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранган. Арыз ээсинин айтымында, 2025-жылдын март айында жаран Н. «Лалафо» сайтына Ивановка айылында жайгашкан батирди сатуу тууралуу жарыя жайгаштырган. Тараптардын ортосунда жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдөн кийин аталган батирди сатып алуу боюнча макулдашуу түзүлүп, Кант шаарында С.Р. аттуу жаран сатуучуга 1 050 000 сом өлчөмүндө акча каражатын өткөрүп берген.

Бирок, акча каражаттарын алганына карабастан, жаран Н. батирди сатып алуучунун атына өткөрүп берүүдөн баш тартып, ошондой эле алынган акча каражаттарын кайтарып берген эмес.

Бул факты катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 1987-жылы туулган Н.Н. аттуу жаран аныкталып, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө аталган батир Н.Н. аттуу жарандын апасынын атына катталгандыгы аныкталган. Ошондой эле ал алынган акча каражаттарын кайтарып берүүнү көздөбөстөн, батирди кайрадан сатууга коюуну мерчемдегендиги белгилүү болгон.

Тергөө иштери улантылууда.