Ошто коррупцияга шектелип алты чиновник кармалды
Минитсрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык Ош шаарында жыйын өткөрдү. Жыйынга Ош облусунун жана Ош шаарынын мамлекеттик кызматтарынын жетекчилери жана аймакта жүргүзүлүп жаткан курулуш иштерине катышып жаткан жеке тараптардын өкүлдөрү да катышты.
Камчыбек Ташиев жыйында облус жана шаар аймагындагы аткарылып жаткан иштердин баарын 2 күндүк иш сапарынын алкагында көрүп чыкканын белгилеп, кетирилип жаткан кемчилдиктерге жана жетишкендерге токтолду. Район акимдерине жана шаар мэрлерине эскертүүлөрдү жана тапшырмаларды койду.
Негизги маселелердин бири катары аймактагы мамлекеттик кызамткерлер арасындагы жемкорлука каршы курөшүү багытындагы абалга көңүл бурулду. Камчыбек Ташиев жергиликтүү бийлик өкулдөрун жемкорлуктан алыс болууну эскертип, коррупцияга каршы кабыл алынган жаңы мыйзамдын кесепети оор болоорун дагы бир ирет белгиледи.
Айрыкча салык кызматындагы, укук коргоо органдарындагы, калкты тейлөө кызматтарындагы, эсептик палата, жогорку окуу жайлары жана жергиликтүү бийлик башындагылардын арасындагы жемкорлук фактылары тууралуу маалыматтар көп экендигин айтты.
Жыйындын жүрүшүндө алдын ала ыкчам-маалыматтарга ылайык коррупциялык элементтерге аралашкандыгы билдирилген 6 кызмат адамы камакка алынды жана аларга карата мыйзам чегинде тийиштүү чаралардаы көрүлөөрү белгиленди.
Жыйындын жүрүшүндө Ош шаарынын мэри башка аким жана мэрлерге үлгү катары көрсөтүлүп, өлкө жетекчилиги тарабынан ыраазычылык айтылып, Президент Садыр Жапаровдун атынан ак тулпар белекке берилди.
