Казакстанда ЖККУнун машыгуулары өтөт
Үстүбүздөгү жылдын 29-сентябрынан 3-октябрына чейин Казакстандын Алматы облусунда ички иштер органдарынын, улуттук коопсуздуктун, ички аскерлердин (улуттук гвардиянын), атайын жана баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын атайын бөлүктөрүнүн, ошондой эле авариялык-куткаруу жана өрткө каршы бөлүкчөлөрүнүн, КР ӨКМдин РИИБдин бардык бөлүктөрү тартылган «Кобальт-2025» деп аталган атайын машыгуулар өткөрүлөт.
Машыгуунун активдүү фазасында ЖККУга мүчө-мамлекеттердин компетенттүү органдарынын бириккен атайын багыттагы топтору мүмкүн болушунча күжүрмөн шарттарда машыгууларды жана практикалык ыкчам-күжүрмөн тапшырмаларды аткарышат.
Машыгууларга байкоо жүргүзүү үчүн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин жана Шанхай кызматташтык уюмунун тиешелүү мекемелеринин өкүлдөрү чакырылган.
