Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды
29 сентябрь

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Бишкектин Ленин райондук милиция кызматкерлери алдамчылыкка шектелган 1985-жылы туулган К.Ж. аттуу жаранды кармашты.

Арыз ээсинин айтымына караганда, шектелген жаран анын ишенимине кирип, 250 миң сомдук чатыр куруп берүүнү убада кылган.

MBANK электрондук капчыгы аркылуу 1400 доллар алгандан кийин ал убадасын аткарбай качып кеткен.

Аталган факты боюнча Ленин РИИБнин тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») боюнча кылмыш иши козголду.

Кылмышка шектүү делген жаран кармалып, КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда К.Ж.нын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар экендиги такталып жатат.

Милиция жарандардан мындай фактылар боюнча 0556 588 999 же 102 телефондору аркылуу кабарлап коюуну суранат.

Тергөө иштери уланууда.