
Жалал-Абадда 40 миңге жакын үй-бүлө турак-жай менен камсыз болот
Жогорку Кеңешинин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаттык тобу Жалал-Абад шаарында өтүп жаткан көчмө жыйындын алкагында Жалал-Абад шаарында жана курулуп жаткан ипотекалык үйлөрдүн курулушу менен жеринен таанышышты.
Бул үйлөр колдонууга берилгенден кийин Мамлекеттик ипотекалык компаниянын сайтында жарыяланган электрондук кезек менен «Менин үйүм» турак жай программасынын катышуучуларына ипотекага 4 жана 8 пайыздан 15 жана 25 жылдык мөөнөткө берилет. Ал эми батирдин 50% каражатын төлөгөндөргө “Үлүштүк курулуш" механизми аркылуу 8% чен 15 жылга берилет.
Эсиңиздерге сала кетсек, учурда республика боюнча 20 714 батирдин курулушу башталган. Дагы 20миңдей батир курулушу пландалып, Мамлекеттик ипотекалык компания 2030-жылга чейин 40 миңдей үй-бүлөнү турак жайлуу кылууну көздөйт.