Ошто Шамшат көчөсү толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү
10 июль

Ошто Шамшат көчөсү толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Ошто Шамшат көчөсү толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Аталган көчө Б. Осмонов көчөсү менен кесилишип, жаңы муниципалдык базардын жанынан өтөт. Жолду пайдаланууга берүү менен базарга келүүчү кошумча жаңы жол пайда болду.

Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңеш төрагасы Болот Баетов, жергиликтүү жашоочулар, мекеме-ишкана жетекчилери катышты.

Шамшат көчөсү эки карама-каршы багытта жалпы төрт тилкелүү болуп, жөө жүргүнчүлөр үчүн эки тарабына тротуар жана ирригациялык лотоктору, түнкү жарыктандыруусу бар.

Шамшат көчөсү Б.Осмонов көчөсүнүн кесилишинен баштап Курманжан датка көчөсүнө чейин созулат. Жалпы узундагы 1,5 чакырымга жакын.