Бишкек – Нарын – Торугарт жолуна түшкөн таштар тазаланды
10 июль

Бишкек – Нарын – Торугарт жолуна түшкөн таштар тазаланды

Бишкек – Нарын – Торугарт автожолунун 245-262-264- чакырымына тоо боорунан түшкөн таштар тазаланды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинн маалымат кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, аталган тилкеде № 955 Жол тейлөө ишканасы тарабынан ыкчам тазалоо иштери жүргүзүлдү. Жерине бир даана погрузчик жана автогрейдер техникасы тартылган.

Учурда каттам бар, жол ачык.

Белгилей кетсек, 9-июлда катуу жааган жамгырдын кесепетинен Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 245–262-264-чакырымдар аралыгында сел жүрүп, жолго таштар кулаган.