Көчөдө соода кылуу жана таштанды ыргытуу. Бишкекте бир жумада 3,1 млн сом айып пул салынды
Бишкек шаарынын аймагында көрктөндүрүү эрежелеринин бузулушуна өз убагында чара көрүү максатында 17 рейддик иш-чара өткөрүлүп, 9 нөөмөт уюштурулду.
778 чарба жүргүзүүчү субъектке кыдыруу жүргүзүлдү.
Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жалпы суммасы 3 139 000 сомду түзгөн 241 протокол түзүлдү.
Шаар тургундарынан келип түшкөн 191 кайрылуу боюнча жерине чыгуулар уюштурулду.
Экологиялык көзөмөл боюнча:
Өткөн жуманын ичинде таштанды жана жалбырак өрттөөнүн 7 фактысы катталып, аталган мыйзам бузуулар боюнча жалпы суммасы 38 000 сомду түзгөн 3 протокол түзүлдү.
Мыйзамсыз соодага каршы жүргүзүлгөн иштер:
Шаардын коомдук жайларын жана базарларын камтып, жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 286-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык белгиленбеген жерлерде соода жүргүзгөндүгү үчүн жалпы суммасы 328 000 сомду түзгөн 106 протокол түзүлдү.
