Оштогу Мамыров көчөсү капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды
Ош шаарындагы Мамыров көчөсү 21-июлда капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин ачылып пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Көчөнүн узундугу 2,5 чакырымга жакын, кеңдиги жалпы 25 метр.
16 метр аралыгына асфальт төшөлгөн, карама-каршы багытта экиден төрт тилкелүү, мында долбоорго ылайык, көчөнү бойлой жөө жүрүүчүлөр үчүн тротуарлар, ирригациялык тармактар, түнкү жарыктандыруу системалары каралган.
